Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Белгияда Париждеги теракттарга шектелген эки адамга айып тагылды


Брюсселде жаңы жылдык майрамдарда да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Брюсселде жаңы жылдык майрамдарда да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Белгиянын прокуратурасы 2015-жылдын ноябрь айында 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги терактка катыштыгы бар деп шектелген эки адамга айып такты.

Прокуратура 12-январда тараткан билдирүүгө ылайык, шектүүлөрдүн бири Фарид К аттуу жаран “террористтик топтун ишмердүүлүгүнө катышкан жана документ жасаган” деп айыпталууда. Учурда ал камакта. Мерием Е.Б аттуу жаранга “документ жасап, колдонуп жүргөн” деген айып тагылды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, аталган эки адам тең Париждеги теракттарды уюштурду деп шектелген Халиду аль-Бакрауиге документ жасашкан теп айыпталышууда.

Бакрауи өзүн 2016-жылдын март айында Брюсселдеги метро станциясында жардырып жиберген.

Анда Белгия баш калаасында уюштурулган удаа теракттардан 32 адам өлүп, 300дөйү жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG