Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Серб президенти Балкандагы сербдердин укугун коргоого чакырды


Сербиянын президенти Томислав Николич жана мурдагы босниялык сербдердин лидери Момчило Краишник.
Сербиянын президенти Томислав Николич жана мурдагы босниялык сербдердин лидери Момчило Краишник.

Сербиянын президенти Балкан жарым аралындагы сербдердин укугун коргоого чакырды. Томислав Николич мындай билдирүүнү Босниянын мурдагы лидери, аскер кылмыштарына айыпталып, абакта отуруп чыккан Момчило Краишник менен шаршембиде болгон жолугушуусунан кийин жасады. Укук коргоочу уюмдар бул жолугушууну кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышты.

Эл аралык сот Краишникти 1992-1995-жылдары болгон Босниялык согушта серб эместердин баарын куугунтукка алганы үчүн айыптап, абакка кескен. Ал 13 жыл түрмөдө жазасын өтөп, 2013-жылы эркиндикке чыккан.

Мурунку Югославияда 1992-жылы башталып, 1995-жылы аяктаган улуттар аралык согуштан кийин чакан Серб Республикасы Босния жана Герцеговинанын курамына кирген. Азыр “Серб Республикасын негиздөөчүлөрдүн ассоциациясы” уюмун жетектеген Момчило Краишник президент Николич менен жолуккан соң Боснияда кырдаал тынч эместигин айтты.

Орусиячыл көз караштарды жактаган Президент Томислав Николич бир гана сербдердин укугун эмес, кириллицаны жана серб тилин коргоого чакырып келет.

XS
SM
MD
LG