Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Украинада “Дождь” телеканалына тыюу салынды


"Дождь" телеканалынын берүүлөрү 2010-жылы обого чыккан.
"Дождь" телеканалынын берүүлөрү 2010-жылы обого чыккан.

Украинанын Телевидение жана радиоберүүлөр боюнча улуттук кеңеши өлкө аймагында орусиялык “Дождь” телеканалын көрсөтүүгө тыюу салды. Мындай чечимди Улуттук кеңеш бүгүн кабыл алды.

Кеңештин билдирүүсүндө телеканалдын эфирин текшерүүдө украин мыйзамдарына жатпаган көрүнүштөр байкалганы айтылат.

Расмий Киев телеканалдын Украинанын төбөлсүздүгүнө шек туудурган видеобаяндарына нааразы болду. "Дождь" каналында Крым Орусиянын бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн карта чыккан.

Улуттук кеңештин мүчөсү Сергей Костинский “Дождь” Украинанын жарнама тууралуу мыйзамдарын да бузганын билдирди.

Аталган телеканалдын башкы директору Наталья Сиднеева Кеңештин чечимине өкүнүчүн билдирди.

Украинада орусиялык 35 телеканалды көрсөтүүгө тыюу салынган. Алардын арасында Биринчи канал, "Россия-1" жана "Россия-24", НТВ, РБК, ТНТ да бар.

XS
SM
MD
LG