Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Майк Помпео: Орусия “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкөн жок


АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчилигине көрсөтүлүп жаткан Майк Помпео.
АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчилигине көрсөтүлүп жаткан Майк Помпео.

Орусия Европага коркунуч туудуруп жатат жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө натыйжалуу аракет жасаган жок. Мындай пикирин АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) жетекчи катары Дональд Трамп тарабынан сунушталган Майк Помпео билдирди.

Помпео бул пикирин бейшембиде Сенатта анын талапкерлиги боюнча өтүп жаткан угууларда айтты.

Ал ошондой эле Москва Украинанын чыгышында агрессиялык саясат жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Помпео мындан тышкары учурда Американы торуп турган коркунучтарды да тизмектеди. Алар - эл аралык террорчулук, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы. Ошондой эле Иранды эл аралык террорчулуктун демөөрчүсү катары сыпаттап, АКШга коркунуч катары белгиледи.

Бейшембиде Сенатта Пентагондун башчылыгына көрсөтүлгөн отставкадагы генерал Жеймс Маттистин да талапкерлиги каралды.

XS
SM
MD
LG