Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Бозгундарды тепкен венгриялык телеоператор айыптуу деп табылды


2015-жылы согуш тутанган мамлекеттерден Европага качып бараткан бозгундарды тепкен венгриялык телеоператор Петра Ласлону сот айыптуу деп тапты. Чечимде ал ырайымсыздык боюнча күнөөлүү деп аталып, айыбын жууш үчүн үч жылга сыноо мөөнөтү берилди.

Петра Ласлонун мигранттарга мамилеси коомдун жайкын турмушуна залакасын тийгизип, тынчсызданууларды пайда кылганы сот чечиминде ырасталган. Ал тапта анын адвокаты апелляциялык арыз жазыларын маалымдады.

Телеоператордун качкындарды тепкен жоругу Венгрия менен Сербия чектешкен аймактагы Реcке деп аталган качкындар лагеринде 2015-жылдын сентябрында болгон. Анда колунда видеокамерасы бар журналист айымдын полициядан качып бараткан эки качкынды тепкени тасмага түшүп калган.

Бул кылыгы үчүн Петра Ласло өзү иштеп жаткан N1TV телеканалындагы жумушунан айдалды. Аталган телеканалдын башкы редактору жергиликтүү булактарга берген маегинде кесиптешинин жоругун жосунсуз деп атаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG