Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Алабай - Ашхабаддагы Азия-2017 оюндарынын расмий белгиси болот


Түркмөндөрдүн алабай породасындагы ити Ашхабадда өтө турган Азия-2017 оюндарынын расмий белгиси катары тандалды.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, сүрөткө жашыл түстөгү эки алабай күчүк тартылган. Бирине кызыл улуттук чапан жана топу кийгизилген.Экинчисинде заманбап дизайндагы оюу түшүрүлгөн спорттук кийим бар.

Түркмөн бийлигинин пикиринде, оюндун тумары саналган шайыр, меймандос балтек спорттук иш-чарада баарынын сүймөнчүлүгүнө айланышы керек.

Бирок жаныбарлардын укугун коргоочулар кулак, куйругу кесилген күчүктүн сүрөтүн пайдалануу - аларга болгон зулум мамилени үгүттөөнү билдирет деп эсептешет.

Түркмөндөрдүн белгилүү саяпкери Гелди Кяризов алабайдын Ашхабадда өтө турган Азия оюндарынын символу катары тандалганын толугу менен кубаттайт. Ал кулак, куйруктун кесилиши түркмөн итине мүнөздүү негизги белги экенин айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG