Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Өзбекстан киберкоркунучка каршы турууга даярдык көрүүдө


Коопсуздук маселелерин иликтөөчү Жорж К. Маршалл атындагы европалык борбор АКШ жана Германиянын Өзбекстандагы элчиликтеринин колдоосу менен киберкоопсуздук боюнча окуу уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышканын жергиликтүү маалымат булактары билдирди.

Ташкентте бул багытта алдыңкы тажрыйбаларды жана стратегияларды талдоо максатында кибермейкиндиктеги коопсуздук маселелери боюнча семинар өттү. Адистер мындан тышкары, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагдайларын талкуулашты.

Иш-чарага Азербайжан, Германия, Португалия, Польша, Украина жана АКШдан келген эксперттер катышты. Алар эл аралык коопсуздук жана киберкылмыштар менен күрөшүү эрежелерин алдыга жылдыруу үчүн башка өлкөлөргө жардам беришүүдө.

Эксперттик эриш-аркак кызматташуу коомдук саясий байланышты бекемдөөгө жана интернет инфраструктурасын киберкоркунучтан коргоого багытталган.

XS
SM
MD
LG