Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

№27 абакта 20 чакты киши ачкачылык жарыялады


Алар жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандарды эки-үчтөн кылып, өзүнчө камераларга бөлүп кармоо шартына каршылыгын билдирүүдө.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, №27 абакта жыйырма чакты киши мыйзам кабыл алынганга чейин соттолушканын белгилешип, өздөрүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну талап кылышкан. Алардын мындай талабы прокуратурага жиберилип, прокуратура кызматкерлери 12-январда абактагылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн:

- Жаңы мыйзам кабыл алынганына байланыштуу, №27, №47 жана №16 абактарда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандарды эки-үчтөн кылып, өзүнчө камераларга бөлүп кармап атабыз. Мындай шартка өткөнүнө бир айдан ашып калды. Азыр №3 колонияда да мындай камера режимин киргизүү боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Айрым маалымат каражаттарында “абактарда намаз окугандарга кысым жүрүп жатат” деп жазылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Аларга тамак өздөрү каалагандай, жалпы түрмөнүкүнөн өзүнчө кылып, жасатылат.

Өткөн жылы күзүндө Жогорку Кеңеш “экстремизм жана терроризмге айыпталып камалган адамдар абак-жайларда өзүнчө бөлүнгөн, камералык режимде кармоо” тууралуу мыйзам кабыл алган. Демилгечилер бул мыйзам абактарда экстремизмдин жайылуусунун алдын аларын түшүндүрүшүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG