Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Прокуратура Сатыбалдиев, Турсункулов, Жороевдин чыгышы боюнча доо арыз менен кайрылды


Аламүдүн райондук прокуратурасы Апрел окуясы боюнча күнөөлөнгөн мурдагы баш прокурорлор Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевдин абактан мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө бошотулушуна каршы доо арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, прокуратура аталган мурдагы жетекчилердин абактан бошотулушун туура эмес деп эсептейт. Доо арыз Жогорку Сотто каралышы керек.

Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов жана Каныбек Жороев 29-декабрда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган. Алар абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыгарылган. Алар 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG