“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Бишкек шаар мэрин шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Абдылдаев шайлоо “Борбор калаанын макамы тууралуу” жана “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” тууралуу мыйзамдарды одоно бузуу менен өттү деп эсептейт.
Талапкер белгилегендей, мэр шайлоодо добуш берүү кагаздарында ручка менен чийилген түрдүү белгилер болгону аныкталган. Абдылдаев аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан добуш берүү кагаздары алдын ала белгиленип коюлган болушу ыктымалдыгын айтып, ошондой эле депутаттарга “жашыруун” добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок деп ырастоодо.
Мындан тышкары добуш берүүдөн кийин айрым бюллетендерде эки талапкер тең белгиленгени аныкталган. Бирок, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ал кагаздарды жараксыз деп эсептөөнүн ордуна, андагы добуштарды да санап коюшкан деп белгилейт Абдылдаев кайрылуусунда. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү мэр шайлоо жараянын талап кылынгандай деңгээлде уюштурган эмес деп айтылган.
Нурдин Абдылдаев мэр шайлоо күнү мэриянын алдындагы митинг атайын шаар кеңештин депутаттарына басым кылуу максатында уюштурулган деген пикирин дагы бир жолу бекемдеди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоодо жараксыз бюллетендер болбогонун билдирүүдө.(ZKo)