Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Дубайда кыргызстандык аял кулчулуктан кутула элек


Дубай.

Үч балалуу кыргызстандык аял Бириккен араб эмирликтеринин Дубай шаарына түнкү клубдарга бийлегени барып, сексуалдык кулчулукка кабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын апасы Анара Кыдыкова билдирди:

- Жакшы эле жеттим деген. Анан кечинде бийчи катары чыгайын десе эле ал жакта чакырган кыз сойку болуп иштейсиң деп экөө уруша кетишиптир.

Кыдыкованын айтуусунда, кызы аны менен бир ирет байланышка чыгып, кулчулукта жатканын айтып, андан кийин телефон чалган эмес. Ал эми акыйкатчы Кубат Оторбаев бул иш боюнча “Азаттыкка” мына буларды билдирди:

- Акыйкатчы институтуна Чүй облусунун тургуну Анара Кыдыкова кайрылып, кызы Дубайга бала багуучу болуп иштегени барып, бирок эл аралык адам соодалаган кылмыштуу топтордун колуна түшүп калганын айтып кайрылды. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG