Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:56

Обама АКШнын вице-президенти Байденди “Эркиндик” медалы менен сыйлады


АКШнын вице-президенти Жо Байден.
АКШнын вице-президенти Жо Байден.

АКШнын президенти Барак Обама вице-президент Жо Байденди “Эркиндик” медалы менен сыйлады.

12-январда Ак үйдө өткөн маалымат жыйында Обама Байденди АКШ тарыхындагы эң мыкты вице-президент деп атады. Сыйлык алып жатып, вице-президент көзүнө жаш алды. “Эркиндик” медалы Кошмо Штаттардын президенти тарабынан ыйгарылат жана өлкөдөгү эң жогору сыйлыктардын бири болуп саналат.

Медал АКШнын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жана коопсуздугун камсыздоого барандуу салым кошкон жарандарга ыйгарылат.

Американын 44-президенти Барак Обаманын администрациясынын кызмат мөөнөтү 20-январда аяктайт. Жо Байден өзүнүн саясий карьерасын АКШнын Демократиялык партиясынын катарында улантарын билдирди.

XS
SM
MD
LG