Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Түркия парламенти Конституцияга киргизилчү үч өзгөртүүнү жактырды


Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жана бийликтеги АК партиясынын депутаттары.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жана бийликтеги АК партиясынын депутаттары.

Түркия парламентинде өлкөнү президенттик республикага алып келе турган конституциялык өзгөртүүлөрдү кароо улантылууда.

Бейшембиде кечтен тарта жума күндүн таңына чейин уланган талкууда сунушталган үч жаңы берене жактырылды. Аларга ылайык, парламенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, президенттики кескин кеңейтилет. Ириде өлкө башчысы өзү министрлерди дайындап, кызматтан ала алат. Ошондой эле президент саясий партиянын катарында кала берет.

Жалпысынан президент Режеп Тайып Эрдогандын жана бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партиясы) демилгеси менен Түркиянын Баш мыйзамына 18 жаңы өзгөртүү киргизилүүдө. Алардын төртөө 10 - 11-январда жактырылган.

Эгер мыйзам чыгаруучулар сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырышпаса мөөнөтсүз парламенттик шайлоо жарыяланары эскертилген.

Оппозициялык партиялар бул өзгөртүүлөр авторитаризмге алып келерин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG