Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

Иран Батыштан сатып алган учактардын алгачкысы Тегеранга конду


Жаңы үлгүдөгү Airbus A321 учагы Тегерандын аэропортуна конду.
Жаңы үлгүдөгү Airbus A321 учагы Тегерандын аэропортуна конду.

Бейшембиде Тегерандын аэропортуна IranAir авиакомпаниясы сатып алган жаңы үлгүдөгү Airbus A321 жүргүнчү учагы конду. Бул Иран санкциялар алынгандан кийин Батыштан сатып алган 200 авиалайнердин алгачкысы.

- Бул өлкөнүн жарандык авиация тарыхындагы эң ири келишимдердин бири жана ал IranAir компаниясынын зор дымагын көрсөтүп турат, - дейт AIRBUS компаниясынын башчысы Фабрис Брежье.

Жалпысынан Иран Airbus компаниясынан 100, Боинг компаниясынан 80 жана ATR компаниясынан 20 учак сатып алуу ниетин билдирген.

Марттын соңуна чейин Тегеранга дагы эки жүргүнчү лайнери конору күтүлүүдө.

Бул эл аралык санкциялар жеңилдегенден кийинки Батыш менен кызматташтыкты күбөлөгөн алгачкы келишимдердин бири болуп калмакчы.

2015-жылы кабыл алынган эл аралык келишимге ылайык, Иран өзөктүк курал жасоо дымагын тизгиндеп, ага жооп катары Батыштын санкциялары четинен алынышы керек болчу.

XS
SM
MD
LG