Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Бишкектин түштүк-чыгыш тарабында өрт чыкканы кабарланды


Иллюстративдик сүрөт.

ӨКМдин маалыматы боюнча, шаардагы Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 17:40 чамасында келип түшкөн. Министрликтин маалымат катчысы Элмира Шерипова эки көчөнүн кесилишиндеги "Сармерден" ресторанынан коюу түтүн чыгып жатканын, өрт тууралуу ал жердегилер кабарлашканын билдирди. Өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Өрт тууралуу ӨКМ дагы кошумча маалымат болорун ырастады.

Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши Туңгуч кичирайонунун чыгыш тарабында жайгашкан. Аймакта Кырман, Рухий мурас деп аталган жаңы конуштар да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG