Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Орусияда ВИЧке чалдыккан балдар өкмөт көзөмөлүнө алынды


Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны бир миллионго жетет.
Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны бир миллионго жетет.

Орусиянын баш калаасы Москванын бийлиги полиция кызматкерлери менен биргеликте бир үй-бүлөдөн 10 асыранды баланы өз көзөмөлүнө алышты. Балдардын сегизи ВИЧке чалдыккан.

Калаанын Эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчи орун басары Татьяна Барсукованын билдиргенине караганда, балдар барган бакчанын кызматкерлери наристелердин биринин денесинен көк ала тактарды байкап калган. Кийинчерээк балдарды атасы ур-токмокко алганы маалым болгон.

Балдардын ВИЧке чалдыккандары ооруканага, калгандары социалдык мекемеге жайгаштырылды.

Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны бир миллионго жетет.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ушул айда жарыялаган баяндамасында Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны 2006-жылдан бери 133% өскөнү белгиленген.

XS
SM
MD
LG