Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Черногорияда төңкөрүш жасоо аракет кылгандар кармалды


Сербияда Черногориядагы бийликти кулатуу аракетине шектелген эки адам кармалды.
Сербияда Черногориядагы бийликти кулатуу аракетине шектелген эки адам кармалды.

Сербияда Черногориядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Сербиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Министрлик бул маалыматты “Азаттык” радиосуна да ырастап, кеп 2016-жылдын октябрь айындагы мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп шектелип жаткан Предраге Боджичевич жана Неманья Ристич аттуу жарандар жөнүндө болуп жатканын бышыктады.

Кармалгандардын бири Неманья Ристич өткөн жылы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен чогуу түшкөн сүрөтү интернетте жарыяланып кеткен соң кеңири таанымал болгон. Сүрөт Лавровдун Белградга жасаган сапарларынын биринде тартылганы маалым болгон.

НАТО 2015-жылдын декабрь айында Черногорияга альянска кошулууну расмий сунуш кылып, май айында өкмөт тиешелүү протоколго кол койгон.

Черногория бийликтери төңкөрүш аракетин өлкөнүн НАТОго кошулуу мүдөөсүнө байланыштырышкан.

XS
SM
MD
LG