Атырау шаардык соту Казакстандын төрт жаранын жана Орусиянын бир жаранын "кылмыштуу топ түзүшкөн" жана "Ооганстандан Евробиримдикке карай мыйзамсыз миграция каналын негиздешкен" деп айыптап, сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, айыпталгандар мигранттарды Казакстан жана Орусия-Финляндия чек арасы аркылуу мыйзамсыз түзүлгөн канал менен өткөрүп турушкан.
Мындай ишмердүүлүк менен алар 2015-жылдын март айынан 2016-жылдын март айына чейин шугулданышкан.
Топту Орусиянын жана Ооганстандын жарандары жетектеп турганы маалым болду.