Испаниянын Мароккодогу анкалавы Сеута шаарында “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна катыштыгы бар деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу 13-январда аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымдады.
Шектүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилген жок.
Министрликтин билдиригенине ылайык, испан полициясы соңку эки жыл ичинде радикал уюмдар менен байланышы бар деп шектелген180 адамды кармаган.
Алардын көбү дал ушул Сеута шаарында колго түшкөнү белгилүү болду.