Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Бычак жеген кыргызстандык мигрант арыз жазуудан баш тартты


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу Кыргызстандын элчилиги кабарлады.

12-январда Санкт-Петербургдагы ооруканалардын бирине 32 жаштагы Кыргызстандын жараны бычакталып түшкөнү кабарланган.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги маалыматтын чын-төгүнүн тактаганда, жабыркаган жаран 1984-жылы туулган Ош облусунун тургуну экендиги аныкталды.

Денесин жана моюнун бычак тилген бул адам учурда шаардык ооруканада жатат жана догдурлар абалы туруктуу экенин айтышкан.

С.Ч. аттуу кыргызстандык бул адам жакын адамы менен чырдаша кеткен. Ал күч органдарына кайрылуудан баш тартып, ден соолугуна залал келтирген адамга доосу жок экени тууралуу түшүнүк кат жазып берген. (SDz)

XS
SM
MD
LG