Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ирак армиясы ИМ тобун Мосулдун өкмөт үйүнөн сүрдү


Ирак, Мосул шаары
Ирак, Мосул шаары

Ирактын куралдуу күчтөрү Мосулдагы өкмөт үйүн көзөмөлгө алды. Имаратты буга чейин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ээлеп алган эле.

Reuters агенттиги кабарлагандай, исламчылар шаардын бир нече маанилүү имараттарынан сүрүп чыгарылды. Алардын ичинде губернатордун резиденциясы, университет жана аймак башкармалыгынын имараттары бар.

Мосул 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аскерлеринин көзөмөлүндө болуп келген. Шаарга ири чабуул өткөн жылдын 17-октябрында ирак аскерлери, күрт жана шиит ыктыярчыларынын коштоосунда башталган.

Шаарды бошотуу үчүн АКШ башында турган эл аралык коалиция да абадан сокку уруп келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG