Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Казакстанда мамкызматкерлердин жамааттык кечелердеги сүрөттөрү текшерилет


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын мамлекеттик кызмат боюнча агенттиги социалдык түйүн жана ММКларды текшерүүгө алып, мамкызматкерлердин жосунсуз жоруктарын иликтейт.

Агенттиктин орун басары Айгүл Шаимова Tengrinews.kz сайтына билдиргендей, айрыкча мамлекеттик кызматкерлердин жамааттык кечелердеги сүрөттөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.

- Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттарында же социалдык баракчаларда кызматкерлердин абройду түшүргөн сүрөттөрүн аныктасак, дароо чара көрөбүз, - деди Шаимова.

Өткөн жылы этикалык талапты бузгандыгы үчүн 200 мамлекеттик кызматкер жоопкерчиликке тартылган.

Айрыкча Акмола облусунун Бурабай районундагы учур коомчулуктун талкуусуна кабылган. Анда жогорку кызматтагы адамдар ичимдик ичип алып, мушташ чыгарган. Натыйжада бир кызматкер жумуштан алынып, калган экөө ээлеген кызматынан төмөндөтүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG