Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жоголгон кыргызстандык аялды Дубай полициясы издөөдө

Кыргызстандык 27 жаштагы Алина Шадыканованы издөө иштерин Дубай шаарынын полициясы өз колуна алды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" тышкы иштер министринин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. 11-январда Бириккен Араб эмирликтеринин Дубай шаарындагы Кыргызстандын консулу Мээрим Бешимова шаардык полиция башкармалыгы менен жолугушуп, кыргызстандык жоголгон аял тууралуу маалымат берген. Полиция мындан ары издөө иштерин активдештирерин айткан.

Алина Шадыканова былтыр 23-декабрда Дубайга иштегени барып, кулчулукка кабылганын Бишкектеги апасына телефондон бир ирет айткан жана ошондон бери дайынсыз болууда. Үч балалуу келиндин апасы ТИМ жана Акыйкатчы институтуна расмий арыз менен кайрылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG