Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Журналисттерди коргоо комитети “Дождь” телеканалын коргоп чыкты


"Дождь" каналынын логотиби
"Дождь" каналынын логотиби

"Украина бийлиги “Дождь” телеканалынын берүүсүн токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгарышы керек", - деген билдирүүнү Журналисттерди коргоо комитети жарыялады.

Комитеттин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү координатору Нина Огнянова, Украина бийлиги орус тилдүү телеаудиторияны Орусиянын мамлекеттик медиаларына көз каранды эмес маалыматты тараткан ММКдан ажыратып жатканын маалымдады.

Буга чейин Украинанын радио жана телеберүү боюнча кеңеши “Воля” провайдерине “Дождь” телеканалынын берүүсүн февраль айынын ортосуна чейин токтотуу тууралуу билдирме жиберген. (SDz)

XS
SM
MD
LG