Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Яшин АКШнын жаңы администрациясын Украинаны “таштап кетпөөгө” чакырды


Илья Яшин
Илья Яшин

Владимир Путинди сындаган белгилүү оппозициялык орус саясатчысы Илья Яшин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясына кайрылып, “Сирия боюнча сүйлөшүүдө Украинаны таштап кетпөөгө” чакырды. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.

Яшиндин эскертүүсүндө АКШ жана Орусиянын жакындашуусу, Крым аннексиясын жана Украинанын чыгышына орус аскерлеринин киришин актайт. Бул кадамдар демократияга чоң сокку болмокчу.

Оппозициячыл Яшин Москва сириялык диктатор Башар Асадга колдоо көрсөтүүнү токтотуп, Украина боюнча абалын тууралап алышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Эгерде мындай сценарий ишке ашса – бул Кремлдин позициясын бекемдеп, аны менен кошо Москванын НАТОго коркунучун арттырарын белгилеп өттү. (SDz)

XS
SM
MD
LG