АКШнын сегиз конгрессмени Дональд Трамптын ант берүү салтанатына бойкот жарыялайт. Алар Трамптын шайлоодогу жеңишине Орусия көмөктөшкөнүн айтып, негиз келтирүүдө.
NBC телеканалына берген интервьюсунда демократ Жон Льюис Трампты мыйзамдуу шайланган президент деп санабай турганын билдирген. Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишти деген чалгындоо кызматынын маалыматына таянган Льюис, Хиллари Клинтондун жеңилишине Орусияны айыптады.
Ант берүү аземине катышпай турганын билдирген башка конгрессмендер Трамптын аялдар тууралуу айткан сөздөрү сыйга жатпагандыгын айтууда.
Жарандык укук кыймылынын активисттери Трамптын ант берүү салтанатынын алдында бир жумалык нааразычылык акцияны жарыялады. “Улуттук кыймылдын” жетекчиси Эл Шарптон Вашингтондо жүрүш башталарын айтып, ага “Ла Раса” Улуттук кеңешинин мүчөлөрү катышарын билдирди.
Шарптондун билдирүүсүндө жаңы администрация шайлоо укугу жаатындагы реформадан баш тартпашы керек жана социалдык, медициналык камсыздандырууну ишке ашырып, иммигранттар коомчулугуна чараларды күчөтпөөнү талап кылат.
Дональд Трамптын ант берүү аземи 20-январга белгиленген. (SDz)