Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Түркия Ирак жана Сирия менен чектешкен аймагына куруп жаткан дубалын бүтүрдү


Түркия Ирак жана Сирия менен чектешкен аймагына салып жаткан 300 чакырымга созулган дубалдын курулушун аяктады. "Анадолу" агенттиги кабарлагандай, дагы 190 километрге тикенек зым тартылды.

Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылы дубалдын жардамы менен 60 миңдей мигранттын мыйзамсыз чек араны кесип өтүү аракеттери ишке ашкан жок. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүлөр Түркиянын Сирия менен чектешкен жерлеринде көп катталган. Дубалдын курулушу 2015-жылы башталган.

Маалымат каражаттары жазгандай, 2017-жылы Түркия ушундай эле дубалды Иран жана Армения менен чектешкен аймагына куруу планы бар. Армения менен Түркиянын чек арасын 1993-жылы, эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы үзүлгөндөн бери жабык турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG