Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Германиянын атайын кызматы Москваны айыптады


Германиянын федералдык чалгындоо кызматы Москваны “Европа менен АКШнын алакасын үзүүгө аракет кылып жатат” - деп айыптады. Бул баяндама PsyOps (психологиялык операциялар) жумушчу тобунун отурумунда айтылды.

Баяндамада Москва көп жылдан бери Батыштагы социалдык чатактарды козутуп, дүйнө көңүлүн башка тарапка буруп келе жатканы айтылган. Атайын кызмат өткөн жылы орун алган “Лизанын окуясын" мисал келтирип, аны Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары байма-бай араб качкындары тарабынан зордукталган деп туура эмес чагылдырганына көңүл бурган.

“Шпигель” журналы кабарлагандай, Германиянын атайын кызматы учурда 2015-жылы Бундестагга уюштурулган киберчабуулду иликтөөдө.

12-декабрда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг киберчабуулдарга туруштук берүү - күн тартибиндеги маанилүү маселеге айланганын айткан. Мындан улам жазында боло турчу Германиядагы парламенттик шайлоодо ар түрдүү чабуулдарга жол бербөө зарылдыгына басым жасалган.

XS
SM
MD
LG