Франциянын мурдагы премьер-министри Франсуа Фийон Оңчулдар партиясынын атынан президенттикке расмий талапкер болуп катталды.
"Республикачылдардын” жыйынында Фийон мындан ары талапкер катары өзүнүн программасын коргой турганын делегаттарга айтканын "Эл аралык Франция" радиосу билдирди.
Францияда президенттик шайлоо ушул жазда өтөт. Алдын ала сурамжылоодо Фийондун экинчи турга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар жана ашынган оңчулдардын “Улуттук фронт” партиясынын талапкери Марин Ле Пен менен жарышка түшүшү мүмкүн.
Фийон өз программасында Орусия менен тыгыз байланыш түзүп, санкцияларды алууну жана Сирия боюнча Кремл менен кызматташууну жактап келет. Ал буга чейин бир нече жолу АКШнын тышкы саясатын сындаган. Ошондой эле бир жыныстуу никеге да каршылыгын билдирген. (SDz)