Орусиядагы автокырсыктан беш кыргызстандык каза тапканын Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Бүгүн таңкы саат бештер чамасында Саратов облусунда “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “Тойота версо” жеңил машинасы сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Тойота версо» автоунаасынын ичиндеги кыргызстандык беш адам каза болгон.
Кырсык Нижний Новгород-Саратов федералдык автожолунун 547-чакырымында орун алган. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. (SDz)