Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев армияны жаңылоо максатында аскердик-өндүрүштүк комплексти түзүүнү сунуштады.
Podrobno.uz. сайты жазгандай, президенттин сунушу Мекенди коргоочулардын 25 жылдыгын белгилөө учурунда айтылды.
Мирзиёев Өзбекстандын 2021-жылга чейинки комплекстүү программасы иштелип чыгышы керек деп, анда аскердик техникаларды жаңылоо, сатып алуу боюнча иш-чаралар камтыларын билдирди.
Ал ошондой эле Өзбекстандын өзүнүн аскердик-өндүрүш комплексин түзүүгө убакыт келип жеткенин, бирдиктүү саясат жүргүзүү үчүн Коргоо министрлигиндеги бардык ишканаларды, "Чирчик" авиациялык заводун, “Восток” ишканасын бир адам башкарышы керектигин билдирди.
Келечекте илимий-өндүрүштүк база, сервис борборлор жана бириктирилген аскердик ишканалар түзүлүп, Өзбекстан өз аскердик учак жана танктарын чыгарат деп өзбек президенти кошумчалап өттү. (SDz)