Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

SpaceX авариядан кийин кайрадан Falcon 9 ракетасын учурду


Илон Маск башында турган SpaceX компаниясы өткөн жылдын сентябрь айындагы авариядан кийин кайрадан Falcon 9 ракетасын учурду.

Ракета Калифорниядагы космодромдон учурулду. Буга чейин ракетаны учуруу 9-январга белгиленип, бирок аба ырайына байланыштуу анын убактысы жылдырылган. Компаниядан маалымдагандай, акыркы катачылыктарды кайталабоо үчүн аппараттын бардык тетиктерине кылдат көңул бурулду.

2016-жылдын 1-сентябрында Falcon 9 ракетасы жарылууга туш болуп, ошондон бери компания ракеталарды учура элек болчу.

SpaceX эл аралык космос станциясына жүк жеткирүү үчүн NASA менен келишим түзгөн эки жеке компаниянын бири.

XS
SM
MD
LG