Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Түркия Сирия жана Ирак менен чегине дубал курду


Түркия менее Сириянын чегиндеги дубал

Түркия Сирия жана Ирак менен чек арасына 300 чакырымдан ашкан бетон дубал курганын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин эле чек арага 190 км тикенек зым тартылган. Түрк бийлигинин маалыматына караганда 2016-жылы чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген 60 миңдей факт катталган. Алардын көпчүлүгү Түркия менен Сирия чек арасында болгон.

Дубалдын курулушу 2015-жылдын аягында башталган.

Түркия 2017-жылдын башында Иран жана Армения менен чек арасын тосо турганы маалымат каражаттарында айтылган.

Армения-Түркия чек арасы 1993-жылдан бери жабык, эки өлкө дипломатиялык алакаларды да жүргүзбөйт.

XS
SM
MD
LG