Бишкектин четинде кулаган учак Гонконг-Стамбул багыты боюнча баратканын "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, учак Бишкекке май куюу үчүн конууга аракеттенген деген божомол бар. Буга чейин кырсыкка кабылган учак Стамбулдан келе жатканы жана жүк ташуучу экени, конууга аракеттенген учурда кулап күйүп кеткени кабарланган.
Кырсыктан жапа чеккендер жана курмандыктар тууралуу маалымат түшө элек. Биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев, өзгөчө кырдаалдар жана транспорт министрлери кырсык болгон жерге жөнөп кетишти. Өрт өчүрүлүп жатканын аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, авиакырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болгон. Мекемеге маалымат эртең мененки саат 7:31де түшкөн. (NT)