Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Гонконгдон келе жаткан түркиялык учактын кулашына эмне себеп болгону белгисиз:
-Учак коюу тумандан улам кырсыкка кабылдыбы же башка себеп болдубу, азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Такталган маалыматты кийинчерээк беребиз.
Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Чүй облусунда түркиялык учактын кырсыкка кабылуусунан жалпы 16 адамдын набыт болгону аныкталды. Алардын алтоо жергиликтүү жашоочулардын жаш балдары. Ошондой эле учкуч мерт кеткен. Каза тапкандар жана жараат алгандар боюнча маалымат дагы такталууда.