Жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн алган авиакырсыктан улам “Манас” аэропортунда каттамдар токтотулду. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыкка байланыштуу ыкчам штаб түзүлүп, куткаруу иштери уланууда.
Набыт болгондор арасында балдар да бар. Беш адам ооруканада, алардын үчөө жеткинчектер.
Курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымалдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Бүгүн, 16-январда саат 7:30дарда Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени кабарланды. (SE)