Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Авиакырсыкта мерт кеткендер саны 32ге жетти


Кулаган учак.
Кулаган учак.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чүй облусундагы авиакырсыкта мерт кеткендер саны 32ге жетти. Алардын 28и кыргызстандыктар. Көбү Дача айылында жашаган жайкын тургундар. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Окуяны атайын комиссия иликтеп жатат. Маалыматтарга караганда, 23 турак-жай зыян тартты. Курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгы айтылууда. Жабыркаган беш адам ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" аба майданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG