Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:06

Чүй аймагында отуздан ашуун өмүрдү кыйган авиакырсыкка байланыштуу Кыргызстандагы телерадиокомпаниялардын көңүл ачуучу берүүлөрү токтотулду. Бул тууралуу канал жетекчиликтери маалымдашууда.

Бүгүн Чүй облусунун Дача айылындагы авиакырсыкта мерт кеткендер саны 34кө жеткени айтылууда. Өкмөт өкүлдөрү курмандыктар саны да өсүшү ыктымалдыгын билдирип жатышат. Жабыркаган беш адам ооруканага жеткирилген.

Каза тапкандардын 28и кыргызстандыктар, төртөө экипаж мүчөлөрү. Набыт болгон арасында балдар да бар.

Окуяны атайын комиссия иликтеп жатат. Маалыматтарга караганда, 23 турак-жай зыян тартты.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" аба майданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG