Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Авиакырсыкта мерт кеткендердин жакындарына каражат чогултулууда


Кыйраган учактын бөлүктөрү.
Кыйраган учактын бөлүктөрү.

Чүйдөгү авиакырсыкта мерт кеткендердин жакындарына Бишкекте активисттер каражат чогултууда. Социалдык тармак колдонуучулары калаанын алты жеринде кабыл алуу пункттары иштеп жатканын жазышты:

1.Манас-Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жердеги Coffee кофейнясы. Тел.: 0555 587644 – Зуля.

2.Спорт ордосуна жакын жердеги Coffee кофейнясы.

3.Шопоков-Токтогул көчөлөрү кесилишкен жердеги Coffee кофейнясы.

4.Үсөнбаев көчөсү-2, “Вечерний Бишкек” редакциясы тел.: 0555923565 – Надежда.

5. "Дордой" базарындагы Европа соода катары, 151-контейнер, тел.: 0551332882 - Наташа

6. “Дордой-Плаза” соода комплексинин биринчи кабаты, тел.: 0312 696173 – Зарема.

Андан тышкары 0555 718817 номуруна Элсомго акча которсо болот.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, 30дан ашуун адам мерт кетти. Дача айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады. Расмий маалыматтар боюнча, набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар экени кабарланды. Арасында балдар да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Ал “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG