Бишкек шаарындагы травматология жана илим изилдөө институтунун реанимация бөлүмүндө “Манас” аэропортунун жанындагы Дача-Суу айылынан жабыркаган эки адам жатат. Алардын бирөөнүн денесинин 45 пайызы күйгөн, экинчисинин мээси чайкалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган оорукананын башкы врачы Алмаз Кубатбеков билдирди.
Борборго түшкөн дагы эки бала Бишкектеги балдардын "Тез жардам" ооруканасына жиберилди. (BCh)