Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Учак кырсыгында мерт кеткендер 40ка чамалады


Кырсык болгон жер. Издөө иштери уланууда.
Кырсык болгон жер. Издөө иштери уланууда.

Чүйдөгү учак кырсыгында мерт кеткен 31 кишинин денеси жана 9 адамдын дене мүчөлөрү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, куткаруучулар издөө иштерин улантууда.

Атамбаев набыт кеткендердин жакындарына бардык тийиштүү жардамдарды берүүнү, издөө иштерин тездетүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулады. Андан Дача айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады. Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар экени кабарланды. Арасында балдар да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Ал “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени маалымдалган.

Окуяны министрлерден куралган өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Божомол боюнча, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал. Окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG