Учак кырсыгынан жабыркаган алты бала Бишкектеги балдардын ыкчам кызмат көрсөтчү ооруканасында тийиштүү жардамдарды алып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ооруканада балдарга керектүү бардык дары-дармектер бар. Балдарга жана жакындарына ыктыярчы-психологдор жардам беришүүдө. (BCh)