Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:46

Чүйдө ондогон адамдын өмүрүн кыйган авиакырсыкка байланыштуу 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

16-январь күнү Гонконг-Стамбул багытындагы "Боинг-747" учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 40 чамалуу адам көз жумду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Учак Түркияга таандык.

Жабыркаган 11 киши ооруканада. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, тийиштүү жардамдар берилери маалымдалды.

Окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Кырсыкты министрлерден турган өкмөттүк комиссия да иликтеп жатат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG