Жогорку Кеңештеги фракция башчылары ондогон адамдын өмүрүн кыйган авиакырсык боюнча чукул жыйынга чогулду. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, спикер Чыныбай Турсунбеков фракция лидерлери менен бирге маркумдардын жакындарына материалдык колдоо көрсөтүү маселесин талкуулады.
Мурдараак президент маркумдардын жакындарына керек болгон бүт жардамдарды берүүнү өкмөткө тапшырган.
16-январда эртең менен саат жети жарымдарда Гонконг-Стамбул багытындагы Боинг-447 учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 30дан ашуун адам набыт болду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Учак Түркияга таандык.
Жабыркаган ондон ашуун киши ооруканада. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Министрлерден куралган өкмөттүк комиссия кырсыкты териштирүүдө.
Авиакырсыкка байланыштуу 17-январь – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.