Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

“Манас” аэропортунун жанындагы учак кырсыгы Кыргызстандын авиациялык эрежелерине ылайык иликтенет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык аваиация департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсыктын себептерин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Жарандык авиация департаменти, Мамлекеттер аралык авиация комитети жана Түркиянын тиешелүү органдарынын өкүлдөрү кирет.

Мындан сырткары атайын өкмөттүк комиссия да иш алпарат

Департамент 30 ашуун адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы тууралуу Эл аралык жарандык авиация уюмуна (ИКАО), Мамлекеттер аралык авиация комитетине, учак катталган Түркиянын тиешелүү органдарына жана учак чыгарылган өлкөгө маалымат жиберилип жатканын кошумчалады.

16-январда эртең менен саат жети жарымдарда Гонконг-Стамбул багытындагы Боинг-447 учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 30 ашуун адам набыт болду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Учак Түркияга таандык.(BkA)

XS
SM
MD
LG