Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Жарандык коом өкүлдөрү Адам укуктары хартиясына кол чогултууну баштады


Бишкектин четиндеги “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде бүгүн адам укуктарын сактоого чакырган форум өттү. "Эркиндик жана тилектештик" деп аталган жыйындын жүрүшүндө адам укугун коргоо боюнча 10 талап камтылган Жарандык хартияга кол чогултулду.

Коомдук жана саясий ишмерлер катышкан жыйындын катышуучулары бийликти адам укуктары жаатындагы эл аралык конвенцияларды, макулдашууларды урматтоого, аткарууга жана коргоого чакыруу максатында чогулушканын билдиришти.

Форумду Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир Дүйнө - Кыргызстан” уюму, “Кылым шамы” коомдук фонду, “Азман” cтудиясы, “Республика” гезити жана Кыргызстан кинематографисттер бирлиги, жарандык активисттер уюштурду. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG