Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

Cоттук-медициналык экспертизага 31 жасат алып келинди


Авиакырсык.
Авиакырсык.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна авиакырсыкта мерт кеткен 31 кишинин жасаты алып келинди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ушул тапта алардын жакындарына медициналык-психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бишкектеги ооруканаларда калабадан аман калган 12 адам дарыланууда.

Чүйдөгү учак кырсыгында мерт кеткен 31 кишинин денеси жана 9 адамдын дене мүчөлөрү табылганы тууралуу мурдараак өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда ырастаган.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулаган. Андан Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады.

Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар экени кабарланды. Арасында балдар да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Гонконгдон Стамбулга бараткан түркиялык учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган.

Окуяны министрлерден куралган өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Божомол боюнча, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал. Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG