Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Казакстанда президенттик администрациянын мурунку кызматкерлери кармалды


Баглан Майлыбаев (сол жактан биринчи).
Баглан Майлыбаев (сол жактан биринчи).

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 16-январдагы маалымдоосуна караганда, 12-январда президенттин жардыгы менен президенттик администрациянын башчысынын орун басары кызматынан бошотулган Баглан Майлыбаев камакка алынды. Ал “мамлекеттик сырларды мыйзамсыз топтоо, ачыкка чыгаруу жана таратуу” боюнча айыпталды. Аны менен кошо президенттик администрациянын ички саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Николай Галихин да кармалды. Аларды эки айга камакка алуу боюнча сот чечими 14-январда чыкты.

Алардын турак-жайлары тинтүүгө алынып, далилдер алынганы кабарланды. Казакстанда акыркы кезде бир катар камакка алуулар болду. Өткөн жумада өлкөнүн мурунку экономика министри Куандык Бишимбаев, 11-январда Казакстандын бирдиктүү пенсиялык фондунун төрагасы Руслан Ерденаев, фонддун финансылык бөлүмүнүн башчысы Муса Бахтов кармалган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG