Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиакырсыкта мерт кеткендердин жакындарына гуманитардык жардам чогултуп жатат.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, көмөктөшүүнү каалагандар үчүн кабыл алуу пункттары Бишкек жана Ош шаарында ачылган.
Даректер:
Бишкек шаары, Горький көчөсүндөгү 142-үйгө, министрликтин шаардык башкармалыгына кайрылса болот. (0312) 56 47 02, 0770 800 444.
Ош шаары, Шакиров көчөсү - 16А-үй, министрликтик облустук башкармалыгы. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40
Андан тышкары, баш калаада активисттер алты жерде атайын пункт ачышкан.
Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан ашуу адам набыт кеткени кабарланды. Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады.
Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар. Арасында балдар да бар.
17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)