Грузия президенти Георгий Маргвелашвили ондогон адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу Кыргызстандын элине көңүл айтты. Грузия лидери мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге телефон чалганын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан ашуун адам набыт кетти.
Көз жумгандардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы Дача-Суу айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун жарадарлар ооруканада жатышат. Учак аталган кыштактагы жыйырмадан көп турак-жайды кыйраткан.
17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Маалыматтарга караганда, учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конордо кырсыкка кабылган. (SE)